Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/3

Шапка-токтом

 “13” октябрь, 2021-жыл                                                                            Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын   ТОКТОМУ  № 4/3

  Карылар күнүнө карата 70 жаштан жогорку жарандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын 70 жаштан жогорку жарандарын медициналык кароодон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Оттук жана Эчки-Башы айылдарында жашаган 70 жаштан жогорку жарандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн бюджеттен 120 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
  2. Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын 70 жаштан жогорку жарандарынын тизмесин тактап, медициналык кароого даярдоо жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн социалдык адиси К.Төлөгөновага милдеттендирилсин.
  3. Кары адамдарды медициналык кароо өткөрүлүүчү жайга ташып келүү жагы аскерге каттоо столунун инспектору Ж. Туйбаевге жана экономика-статистика боюнча башкы адиси Д.Кубанычбековго милдеттендирилсин.
  4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                         А. Касымалиев

Комментирование запрещено