Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ №4/6

Шапка-токтом

 “13” октябрь, 2021-жыл                                                                              Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын   ТОКТОМУ  №4/6

 

 Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн ремонтуна кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн имаратынын ичиндеги  ремонтуна  кошумча  акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн имаратынын ремонтуна бюджеттен кошумча 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
  2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                          А. Касымалиев

Комментирование запрещено