“13” октябрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/7
Сабак өтүүчү (учебный) автомат сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж. Иманалиев атындагы орто мектебинин окуучуларына жана айылдагы аскерге баруучу уландарга сабак өтүүчү (учебный) автомат сатып алуу максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Он-Арча айыл аймагынын аскерге баруучу уландарына жана Ж. Иманалиев атындагы орто мектебинин окуучуларына сабак өтүүчү (учебный) автомат сатып алуу үчүн бюджеттен 30 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага А. Касымалиев