Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/8

Шапка-токтом

“13” октябрь, 2021-жыл                                                                              Эчки-Башы айылы

 

 

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын   ТОКТОМУ  № 4/8

 

Нарын район аралык айыл-чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо борборунан үрөөндөрдү текшертүү үчүн 3000 (үч миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын дыйкандарынын жыйнап алган түшүмдөрүнүн сапатын текшертүү максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айыл аймагынын дыйкандарынын жыйнап алган түшүмдөрүнүн сапатын текшертүү максатында Нарын район аралык айыл-чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо борборуна бюджеттен 3000 (үч миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
  2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                          А. Касымалиев

Комментирование запрещено