Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/9

Шапка-токтом

 “13” октябрь, 2021-жыл                                                                             Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын   ТОКТОМУ  № 4/9

  “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын “Ак-Мойнок” участкасындагы май куйуучу жайды иштетип жаткан “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. “Бишкек-Петролиум” компаниясы менен түзүлгөн келишим бир тараптуу жокко чыгарылып, кайрадан келишим түзүлсүн.
  2. Мурда түзүлгөн келишимдердин документтерин карап чыгып, Он-Арча айыл өкмөтүнө пайда келтирүүчү келишим түзүү жагы ФЭБ башчысы М.Маанаевага жана жер, турак-жай жана коммуникация боюнча жетектөөчү адиси С.Дүйшеевага милдеттендирилсин.
  3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                          А. Касымалиев

Комментирование запрещено