“13” октябрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/11
Эчки-Башы айылында республикалык семинар өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Тажрыйба алмашуу боюнча Эчки-Башы айылында 4.11.2021-жылы республикалык семинар өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Эчки-Башы айылында өткөрүлүүчү республикалык семинардын уюштуруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага А. Касымалиев