“13” октябрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/12
Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн М.Байгазиева атындагы китепкананын инвентарларын алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
Он-Арча айыл аймагынын Оттук айылындагы М. Байгазиева атындагы китепкананын инвентарларын алууга акча каражатын бөлүп берүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Оттук айылындагы М. Байгазиева атындагы китепкананын инвентарларын алууга 150 (жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага А. Касымалиев