Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын I V сессиясынын ТОКТОМУ № 4/13

Шапка-токтом

“13” октябрь, 2021-жыл                                                                            Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын I V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 4/13

 Он-Арча айыл аймагындагы “О” компаниясынын антенналары турган жердин ижара акыларын жогорулатуу үчүн келишимдерди кайрадан карап чыгуу жана ижара акыларын жайыт комитетине өткөрүп берүү жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагындагы “О” компаниясынын антенналары турган жердин ижара акыларын жогорулатуу үчүн келишимдерди кайрадан карап чыгуу жана ижара акыларын жайыт комитетине өткөрүп берүү  максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Он-Арча айыл аймагындагы “О” компаниясынын антенналары турган жерлердин ижара акыларын жогорулатуу үчүн мурдагы келишимдер кайрадан каралып чыксын.
  2. Ижара акылары жайыт комитетине өткөрүлүп берилсин.
  3. Мурдагы келишимдерди бир тараптуу жокко чыгарып, кайрадан келишим түзүү үчүн документтерди топтоп берүү жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана коммуналдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси С.Дүйшеевага милдеттендирилсин.
  4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                     А. Касымалиев

Комментирование запрещено