“10” декабрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/1
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Маанаеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/1 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Маанаеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
- Сессиянын токтомдорун вебсайтка жарыялап, юстициядан өткөрүү үчүн информатик кызматкери менен келишим түзүлсүн.
- Тендерде утуп алган жарандар менен тез арада байланышып, жарыяга берилген каражаттарды алып келүү иштери жандандырылсын.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: А. Касымалиев