Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/2

Шапка-токтом

“10” декабрь, 2021-жыл                                                                           Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын  V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 5/2

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын бухгалтери А. Мамбеткулованын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/2 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын бухгалтери А. Мамбеткулованын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
  2. “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын башчысы А. Надырбеков, бухгалтери А.Мамбеткулова жана Ш. Чүмөдөевге ишкананын ишин алдыга жылдыруу максатында ынтымакка келип, биргелешип иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

Кеңештин төрагасы:                                                                    А. Касымалиев

Комментирование запрещено