Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/3 Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө

Шапка-токтом

 “10” декабрь, 2021-жыл                                                                            Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын  V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 5/3

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн башчысы А. Борбодоевдин жана Оттук айылдык клубунун башчысы Н.Кубанычбек уулунун бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетторун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/3 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн башчысы А. Борбодоевдин жана Оттук айылдык клубунун башчысы Н.Кубанычбек уулунун бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.
  2. Ж.Тынымсеитова атындагы маданият үйүнүн сахнасын жасалгалоо иштерин 2021-жылдын декабрь айында бүткөрүү жагы А.Борбодоевге милдеттендирилсин.
  3. Айылдык клубдун отургучтарын жасатуу иштерин 2021-жылдын аягына чейинжасатып, клубга орнотуу жагы клуб башчысы Н.Кубанычбек уулуна милдеттендирилсин.
  4. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

Кеңештин төрагасы:                                                                    А. Касымалиев

Комментирование запрещено