Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/4

Шапка-токтом

 “10” декабрь, 2021-жыл                                                                          Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын  V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 5/4

 

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланышы боюнча отчетун угуу жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин завучу А. Султаналиеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/4 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинин завучу А. Султаналиеванын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
  2. Мектептин ашканасынын оңдоп-түзөө иштерине 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо жагы белгиленсин.
  3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

Кеңештин төрагасы:                                                                    А. Касымалиев

Комментирование запрещено