“10” декабрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/7
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн М. Байгазиева атындагы китепкананын башчысы А. Асанкулова жана Г. Жумакунова атындагы китепкананын башчысы Э. Касымбекованын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетторун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/7 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн М. Байгазиева атындагы китепкананын башчысы А. Асанкулова жана Г. Жумакунова атындагы китепкананын башчысы Э. Касымбекованын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.
- М. Байгазиева атындагы китепкананын башчысы А. Асанкуловага жаңы имараттын ачылышына даярдык көрүп, тендерден уткан ишкерден китеп текчелерди толугу менен алып келүү жагы милдеттендирилсин.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Кеңештин төрагасы: А. Касымалиев