Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/8

Шапка-токтом

“10” декабрь, 2021-жыл                                                                        Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын  V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 5/8

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана мекеме жетекчилеринин бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча отчетун угуу жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Абдылда-Ата”,  “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана  Б.Мамытовалардын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчетторун угуп, Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын №5/8 протоколунун чечиминин негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Абдылда-Ата”, “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана Б.Мамытовалардын бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча отчеттору “канааттандырарлык” деп табылсын.
  2. “Абдылда-Ата”, “Садык-Ата” бала бакчаларынын башчылары А.Конокбаева жана Б.Мамытоваларга электр энергиясын үнөмдөө максатында жарык берүүчү лампаларды диоддук лампаларга алмаштыруу  жагы милдеттендирилсин.
  3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

Кеңештин төрагасы:                                                                    А. Касымалиев

Комментирование запрещено