Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/11

Шапка-токтом

“10” декабрь, 2021-жыл                                                                           Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын  V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 5/11

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылынын тургуну Кыдыров Асылбек Токтомушевичтин арызынын негизинде Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  коллегиясынын заседаниесинин 26.11. 2002-жылдагы №33 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.

 

Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылынын тургуну Кыдыров Асылбек Токтомушевичтин арызын канааттандыруу максатында  Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн коллегиясынын заседаниесинин 26.11. 2002-жылдагы №33 токтомуна ылайык Эчки-Башы айылындагы С.Бирназар уулу №41 дарегиндеги 0,25 га огород жери Кыдыров Асылбек Токтомушевичтин жеке менчигине бекитилип берилсин.
  2. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                          А. Касымалиев

Комментирование запрещено