Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/12

Шапка-токтом

“10” декабрь, 2021-жыл                                                                              Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын  V сессиясынын   ТОКТОМУ  № 5/12

 Он-Арча суусунун жээгиндеги  насос чөлкөмүнө трансформатор орнотуу үчүн жер аянтын бөлүү жөнүндө

 

Он-Арча айыл аймагынын  Эчки-Башы айылындагы Он-Арча суусунун жээги насос чөлкөмүнө электр трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча  насос чөлкөмүнүн тургундарынын кайрылуусун жана Нарын райондук электр тармактарын тейлөө мекемесинин сунушунун негизинде Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 15-ноябрдагы      №7 отурумунун токтому бекитилсин.
  2. Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылындагы Он-Арча суусунун жээги насос чөлкөмүнөн Тянь-Шань РЭстин Он-Арча барчасынын жанынан, жолдун жээгинен  9.0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
  3. Бөлүнгөн жер аянтына электр трансформаторду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын райондук электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дүйшеевага милдеттендирилсин.

5.Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине ки ргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                          А. Касымалиев

Комментирование запрещено