“10” декабрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/13
Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө
Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык баасы 5 795 471( беш миллион жети жүз токсон беш миң төрт жүз жетимиш бир) сомдук долбоорду өткөрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Он-Арча айыл аймагындагы “Байдулу” каналын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сметалык баасы 5 795 471 ( беш миллион жети жүз токсон беш миң төрт жүз жетимиш бир) сомдук долбоор жактырылсын.
- “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылана турган Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Байдулу” каналын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) сом каражаты 2021-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага А. Касымалиев