“13” октябрь, 2021-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштагы депутаттарынын IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/1
Жарнамалык такта орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын киреберишиндеги жол боюна жарнамалык такта орнотуу үчүн акча каражатын бөлдүрүү максатында Он-Арча айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Оттук жана Эчки-Башы айылдарынын киреберишиндеги жол боюна жарнамалык такта орнотуу үчүн бюджеттен 80 (сексен) миң 770 сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Жарнамалык такталар орнотулуучу жерлерди аныктап берүү жагы жер, турак-жай жана коммуналдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси С.Дүйшеевага жана жайыт комитетинин башчысы С. Болот уулуна милдеттендирилсин.
- Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Он-Арча айылдык веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Кадыровго жана финансы-экономикалык бөүмүнүн башчысы М.Маанаевага милдеттендирилсин.
Төрага А. Касымалиев