ХХVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11/4
30.01. 2015-жыл. Эчки-Башы айылы
Эчки-Башы айылына алынып келген боз үйдүн сакталышы жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылына айылдык Кеңештин депутаты Жусупова Жанылдын демилгеси менен алынып келген боз үйдү сактоо максатында ХХVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХI сессиясы токтом кылат :
1. Он-Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылына боз үй, айылдык Кеңештин депутаты Жусупова Жанылдын демилгеси менен алынып келгендиктен, боз үйдү сактоо жагы депутат Жусупова Жанылга милдеттендирилсин.
2.Айыл ичинде өткөрүлүүчү тойлорго боз үй ижарага берилсин, ижара акысы ар бир күнгө 200 сомдон белгиленсин.
3.Ижарадан түшкөн акча каражаты боз үйдү сактоого жумшалсын.
Төрага: М.Босунов