OH-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН (XXVII) ЧАКЫРЫЛЫШЫНДАГЫ КЕЗЕКСИЗ ЧАКЫРЫЛГАН VI АЧЫК СЕССИЯСЫНЫН № 6\3 ТОКТОМУ

Презентация1

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН (ХХVII) ЧАКЫРЫЛЫШЫНДАГЫ КЕЗЕКСИЗ ЧАКЫРЫЛГАН VI АЧЫК СЕССИЯСЫНЫН

                                                              № 6\3 ТОКТОМУ

14-июль 2017-жыл                                                                                      Эчки-Башы айылы

Он-Арча айыл аймактык айыл өкмөтүнүн муниципалдык “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү ишканасын түзүүгө уруксаат берүү жана Жобосун бекитип берүү жөнүндө.

Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кароосуна Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын түзүү, алардын Жобосун бекитип берүү боюнча сунуш кат менен кайрылган.

Сунуш кат айыл аймагынын Кеңешинин алдындагы “Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, 1 отурумда талкууланып,  отурумда депутаттар жогорудагы маселени Он-Арча айыл аймагынын Кеңешинин кезексиз сессиясынын күн тартибине киргизүү менен депутаттардын талкуусуна сунушташкан. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципиалдык менчик ишканасын түзүү жана алардын Жобосун бекитип берүү боюнча Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевдин сунушун угуп, талкуулап депутаттардын XXVII  чакырылышынын Он-Арча айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясы   токтом кылат:

 

  1. Он-Арча айыл аймактык айыл өкмөтүнүн “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык менчик ишканасы деп түзүүгө макулдук берилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевге тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин алдындагы “Мандат, депутаттык иш, этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Торага:                                                                                                                    М. Босунов

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына, Юстиция башкармалыгына.

 


Он-Арча айылдык Кеңешинин   2017- жыл  “14”  — июлундагы

№ 6/3 токтому менен бекитилди.

 Он-Арча айыл аймактык муниципалдык “Он-Арча таза аймак”калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык  ишканасы жөнүндө

ЖОБО.

1.Жалпы жоболор

  1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, Он-Арча айыл аймактык муниципалдык

“Он-Арча таза аймак”  калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын (мындан ары  «Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү миниципалдык ишканасы) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт.

  1. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын уюмдаштыруучусу (учредитель) болуп саналат.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын ишканасы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүмдүк аткаруу бөлүмү, коммуналдык ишкана болуп саналат. Түзүлгөн келишимдердин негизинде коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна ээ.
  3. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын

иш-аракетин контролдоону жана координациялоону Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү менен мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган функцияларды аткаруу үчүн, өз алдынча жана жеке жоопкерчилик менен компетенциясынын чектеринде калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелбейт.

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын Жобосу Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгып, Он-Арча айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет жана юстиция органдарынан каттоодон өтөт.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, өз аталышы менен мөөрү, штампы, өздүк жана атайын эсеби, фирмалык бланкы бар болот.
  3. Мамлекеттик тилдеги аталышы: Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы, расмий тилде: Он-Арчинское муниципальное предприятие “Он-Арча таза аймак”.
  4. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын рйону, Эчки-Башы айылы, Бирназар уулу Сырдыбай көчөсү, №81.
  5. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы өз иш- аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, Он-Арча айылдык Кеңешинин жана Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечимдерин жана бул Жобону жетекчиликке алат.
  6. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы өз

иш- аракетин мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү,

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү, ар түрдүү коомдук уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана айылдардын калкынын кызыкчылыгын көрсөтүү менен жүзөгө ашырат.

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жеке жактар менен келишимдик негизинде өз ара мамилелерди түзө алат.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн юридикалык күчкө ээ эмес өз алдынча түзүмдүк бөлүмчөлөрдү, филиалдарды түзсө болот (Он-Арча айылдык Кеңешинин жана Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий чечимдери менен).
  3. Бул Жободо каралбаган маселелер иштеп жаткан мыйзамдар менен жөнгө салынат.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын негизги милдеттери жана функциялары.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын негизги милдеттери:

а) Он-Арча айыл аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу жана айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу иштерин жүргүзүү;

б) Он-Арча айыл аймагынын юридикалык жактарына (менчигинин түрүнө карабастан) жана калкына коммуналдык-чарбалык, айыл чарбалык тейлөө кызматтарды көрсөтүү, оңдоо, курулуш-монтаждоо иштерди жана мыйзам талаптарына ылайык келген киреше табуу боюнча коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүү жана өз компетенциясы-

нын чегинде чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

  1. Төмөндөгүлөр “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын негизги функциялары болуп саналат (айрымдары коммерциялык негизде түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлөт):

— айылдардын бардык аймагынын санитардык тазалыгын камсыз кылуу;

— айылдардагы таштандылардын бардык түрлөрүн өз убагында чыгарылышын камсыз кылуу;

— таштанды төгүүчү жайларды санитардык нормаларга ылайык уюштуруу жана жалпы пайдалануудагы коомдук жайларга урналарды коюу, аларды тейлөө;

— таштанды төгүүчү жайын санитардык нормаларга ылайык кармоо, тийиштүү иш-чараларды (рекультивация ж.б.) жүргүзүп туруу;

— айылдардын көчөлөрүн, турак-үйлөрдүн, жалпы пайдалануудагы коомдук жайлардын, аялдамалардын айлана-тегерегине санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү жана ал үчүн санитардык-техникалык кызматтарын түзүү;

— айылдардын ички жолдорун сапаттуу тейлөө;

— айылдардагы асфальт басылган көчөлөрдүн күтүлүшүн камсыз кылуу;

— айылдардын ички жолдорундагы жана жалпы пайдалануудагы жайлардагы карлардын күрөлүшүн, техника менен түртүлүшүн жана чыгарылышын уюштуруу;

— айылдардын көчөлөрүнө жана жалпы пайдалануудагы коомдук жайларга түнкү жарыктарды жана кооздоочу каражаттарды (дюралайт ж.б.) коюу, алмаштыруу, жаңыртуу иштерин жүргүзүү;

— жол белгилерин, «жасалма дөңчөлөрдү» коюу, жол чийиндерин жүргүзүү жана жаңыртып туруу;

— айылдардагы аллеяларды, тротуарларды оңдоо, брусчаткалоо иштерин жүргүзүү жана аларды тейлөө;

— көчөлөрдүн аталыштарын жана административдик имараттардын, турак- үйлөрдүн номурларын чагылдырган такталарды жасатып тагуу;

— жарнамалык такталарга жана башка обьектилерге идеологиялык, жарнамалык жана башка материалдарды илип, чечүү (айыл өкмөтүнүн көрсөтмөсүнө ылайык жана келишимдин негизинде);

— турак үйлөрдүн, административдик имараттардын сырттарын косметикалык оңдоодон өткөрүү жана кооздоочу, жарык берүүчү каражаттар менен жасалгалоо, көп кабаттуу турак-жайлардын чатырларын алмаштыруу иштерине көмөк көрсөтүү (коммерциялык негизде);

— айылдардагы арык системаларын, суу өткөөлдөрүн калыбына келтирүү, аларды тейлөө;

— бак-дарактарды, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, өстүрүү, аларды коруу, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү;

-өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

— айылдардагы айыл тургундарын кара топурак, бак-дарактардын, гүлдөрдүн көчөттөрү менен камсыз кылуу (коммерциялык негизде);

— айылдардагы парктарды, скверлерди, питмоникти уюштуруу, алардын корулушун, сугарылышын, кайтарылышын, өз деңгээлинде тейленишин камсыз кылуу;

— айылдын шартында мал кармоо эрежелеринин сакталышына көзөмөл кылуу, корук уюштуруу, кароосуз жүргөн малдын кармалып-камалышын жүргүзүү;

— айылдардагы жолбун ит-мышыктардын санитардык нормаларга ылайык атылышын жана жок кылынышын камсыз кылуу;

— мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, атайын техникалардын паркын жаңыртуу, жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү чараларын көрүү;

— айылдын коммуналдык-чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн керектүү цехтерди ачып, иштетүү (пескоблок, брусчастка чыгаруу, таш, жыгач тилүү, электросварка кармоочу, таштандыларды кайра иштетүү боюнча ж.б.у.с.);

— көмөкчү чарбаларды (подсобное хозяйство) уюштуруу;

— айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга катышуу, инфраструктуралык долбоорлор боюнча сунуш берүү, бюджеттик жана бюджеттен тышкары ресурстарды тартууга көмөк көрсөтүү;

— жергиликтүү маанидеги маселелерди, анын ичинде юридикалык жактардын жана жарандардын кайрылууларында көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү өз алдынча же болбосо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мекеме, ишканалары менен бирге чечүү аракеттерин көрүү;

— айыл өкмөтүнүн административдик жана башка комиссияларынын ишине катышуу, сунуштарды жана тийиштүү материалдарды берүү;

— таштанды төгүү жана чыгаруу үчүн каралган жыйымдарды чогултуу, берилген пландын толугу менен аткарылышын камсыз кылуу;

— гигиеналык талаптарга жооп берген, калкты суу менен камсыздоого көмөк көрсөтүү;

— суу түтүктөрдү жана сууну камсыздоо булактарынын айылдын борборлош-турулган суу камсыздоо системасынынын санитардык коопсуздугунун зоналык режимин бузууда бөгөт коюу чараларды уюштуруу;

— айылдын борборлоштурулган суу камсыздоо системасынын эксплуатациялоо жана техникалык кызматты көрсөтүүдө ыйгарым укуктуу органдарына сунуш берүү;

— ичүүчү суу менен керектөөчүлөрдү айылдын борборлоштурулган суу камсыздоо системасын башкарууга жана эксплуатациялоого көмөк көрсөтүү;

— айылдын борборлоштурулган суу камсыздоо системасынын жакшыртуу максатында айыл өкмөтү көрсөткөн максаттуу талаптарынын негизинде эффективдүү иш алып барат;

— суу түтүктөрүнүн тарамактарын колдонуу эрежелерин айыл өкмөтү менен биргеликте иштеп чыгат;

— эксплуатация жана техникалык кызмат көрсөтүү боюнча схемаларды иштеп чыгууну жана колдонууну, ошондой эле кадамдуу нускамалардын негизинде мезгилдүү ишти аткарууну аныктоону (күн сайын, ай сайын, квартал сайын жана жыл сайын) жүргүзөт;

— аварияларды жою боюнча процедураларды камсыздоо жана колдонуу эреже-лерин иштеп чыгат;

— айылдын борборлоштурулган суу камсыздоо системасына капиталдык ремонт жүргүзүү, модернизациялоо жана кенейтүү боюнча айыл өкмөтүнө иш планын, керектүү учурларда иштеп чыгат жана айыл өкмөтүнө сунуштайт;

— айылдын борборлоштурулган суу камсыздоо системасына сарамжалдуу колдонуу боюнча жана анын коопсуздугун камсыздоо талаптарын аткарууда, зыян келтирилген учурларда, ж.о.э. үчүнчү жактан жана күтүүсүздөн чыгып келген кырдаалдарда көмөк көрсөтөт;

— муниципалдык ишкана жыл сайын айыл өкмөтү менен макулдашууга ылайык инвентаризациялоо жүргүзөт;

— ичүүчү суунун керектөөчүлөрү менен ичүүчү суу жөнүндө келишим түзүүдө алардын кызыкчылыктарын көрсөтөт;

— сууну керектөөчүлөргө ичүүчү суу боюнча керектүү маалыматтарды (үнөмдөө, төлөө, колдонуу жөнүндө) таркатат; — мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерди алып баруу менен акы алынуучу кызматтарды көрсөтүү.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн макулдугу боюнча келишимдин негизинде мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
  2. 18. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Он-Арча айылдык Кеңешинин жана Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн чечимдерин аткаруу.

 

 III. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын ыйгарым укуктары.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы компетенциясынын чегинде төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

а) аймактардын социалдык-экономикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;

б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;

в) берилген функцияларына ылайык (санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашыл-дандыруу, жарыктандыруу, арыктарды, каналдарды тазалоо, бак- дарактарды, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу, аларды сугаруу, таза суу менен, сугат суу менен жана техникалар менен камсыз кылуу) ж.б.у.с. калкка кызматтарды көрсөтүү жумуштардын аткарылышы боюнча айылдардын тургундарынан, мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка органдарынан (менчигинин түрүнө карбастан) талап кылуу менен аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

г) юридикалык (менчигинин түрүнө крабастан) жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт, алар менен мыйзамдарда каралган тартипте эсеп-кысап кыймыл-дарын жүргүзөт;

д) мыйзамдарда каралган тартипте өз карамагында же башкаруусунда турган мүлктү тескейт;

е) доогер же жоопкер тарап катары соттук отурумдарга катышат;

ж) Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын карамагына тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;

з) айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте катталган коомдук өз алдынча башкаруунун субьекттерине өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн келишимдин негизинде ыйгарат;

и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэриянын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет;

к) мыйзамдарда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;

л) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын түзүмү жана штаттык бирдиги

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын түзүмү, штаттык бирдиги жана айлык маяналары өзүнчө тиркеме болуп Он- Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн сунушу менен Он-Арча айылдык Кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилип турат.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана башка кызматкер-жумушчулары муниципалдык кызматкер болуп эсептелинишпейт. Иштин кызыкчылыгына байланыштуу алардын статустарын кошумча аныктоо Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн сунушу менен Он-Арча айылдык Кеңеши тарабынан белгиленет (ишкананын Жобосуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен).
  3. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси (начальник) мекемеге жалпы жетекчилик кылат. Айыл өкмөт башчысы тарабынан айылдык Кеңеш менен макулдашуу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жетекчиге айыл өкмөтүнүн чечими менен 6 айга чейин 6 сыноо мөөнөтү коюлушу мүмкүн. Иш берүүчү менен жумушчунун ортосунда 1 жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт;

— жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес же кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш. Кыргыз Республикасынын жараны эмес, соттун чечими менен жөндөмсүз деп табылган, берилген мыйзам тартибинде соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган жарандар бул кызматка дайындала албайт.

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишкананын калган кызматкер-жумушчулары айыл өкмөтү менен макулдашылып, мекеменин жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык дайындалат жана бошотулат.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын иш-аракетин уюштуруу жана контролдоо.

 

  1. Он-Арча айыл аймагынын өкмөтү “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.
  2. Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн өзгөчө компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

а) “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы жөнүндө Жобону, анын типтүү түзүмүн, штаттык бирдигин жана айлык маянасынын өлчөмү боюнча сунушун иштеп чыгуу, Он-Арча айылдык Кеңешинин бекитүүсүнө киргизүү;

б) Он-Арча айыл аймагынын өкмөтү тарабынан “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин бул жобого ылайык аныктап, бекитүү;

в) “Он-Арча таза аймак”калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын

кайрадан уюштуруу же жоюу;

г)  “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципалдык ишканасынын

иш- аракетин көзөмөлдөө, функциялардын аткарылышын жана берилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;

д) өз арызы, эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы жана Кыргыз Республика-сынын Эмгек кодексинде каралган башка тартиптер боюнча “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципалдык ишканасынын жетекчисин кызматтан бошотууну жүзөгө ашыруу.

  1. «Таза аймак, суу жана айыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси:

а) бул Жобого ылайык “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципалдык ишканасынын утурумдук иш-аракетин уюштурат, ыйгарым укугунун ченеминде мекеменин мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт, кредиттик-эсептик мекемелерде эсептик жана башка счетторду ачат;

б) “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципалдык ишканасынын иш- аракетине тийиштүү болгон, бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын колдонуу-дагы мыйзамдарына каршы келбеген маселелерди өз алдынча, зарыл болгон учурларда Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Он-Арча айылдык Кеңешинин көрсөтмөлөрүнө ылайык чечет;

в) “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципалдык ишканасынын иш- аракетин камсыздоочу документтерге кол коюу укугуна ээ;

г) ушул Жобонунун негизинде ишеним катсыз “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү  муниципалдык ишканасынын атынан иштейт, аны юридикалык жана жеке жак-тар менен мамилелерде көрсөтө алат;

д) бул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде эмгек, чарбалык жана башка келишимдерди, (контракттарды) түзө алат.

 

  1. Эсепке алуу жана отчеттуулук

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын финансылык-чарбалык иш-аракетине көзөмөл Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
  3. . “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын директору жана эсепчиси эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин сактоого жана ишенимдүүлүгүнө жеке жоопкерчилик алат.
  4. Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Он-Арча айылдык Кеңешинин суроо-талабы боюнча “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет.

 

VII. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын материалдык-финансылык жактан камсыздоо

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитилет жана Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү пайдаланууга укуктуу болуп эсептелинет.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын кармоого чыгымдарды каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

а) Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Он-Арча айылдык Кеңешинин тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык айылдык бюджеттин каражаттарынан;

б) юридикалык жана жеке жак тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардан жана атайын каражаттардан;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелерден.

 

VIII. Эмгек мамилелери

 

  1. . “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек мамилелери ушул Жобого ылайык жана Кыргыз Республика-сынын Эмгек мыйзамынын ченемдери аркылуу жөнгө салынат.
  2. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын эмгек режими жана эс алуусу, алардын социалдык камсыздоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен жөнгө салынат.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын кайрадан уюштуруу жана жоюу.

 

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Он-Арча айылдык Кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.

  1. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын жойгондон кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
  2. Юридикалык жактардын Мамлекеттик реестрине бул жөнүндө жазуу киргизилген учурдан тартып жоюу аяктаган болуп эсептелинет.
  3. “Он-Арча таза аймак” калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын иш- аракетинин процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

 

 

 

Он-Арча айыл аймагынын

айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                           А.Молдосалиев

Добавить комментарий