XXVIШАЙЛАНГАНОН-АРЧААЙЫЛДЫККЕНЕШТИНХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ №12/3
31.03.2015-ж Эчки-Башыайылы
Айыл аймак боюнча көчүп-конуу,
коруктарды уюштуруу корукчуларды дайындоо жөнүндө
Айыл аймагында айдап-себүү жумуштары бүтөөрү менен 2015-жылдын 1-майынан баштап, малдарды көчүрүү , корукчуларды даярдоо, коруктарды уюштуруу максатыXXVIшайланган Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХII сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймак боюнча жазгы айдап- себүү иштери бүтөөрү менен 2015-жылдын 1- май айынан баштап алыскы жайлоого көчүрүлсүн , коруктар уюштурулсун, корукчулар дайындалсын.
- Корукка түшкөн малга айып пул 100(жүз) сомдон белгиленсин, түшкөн айып пул корукчулардын минген атынын жем- чөбүнө жана эмгек акысына жумшалсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М. Болотбековго тапшырылсын.
Төрага : М. Босунов