XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынынайылдык Кеңешинин XI сессиясынын ТОКТОМУ №11/1

shapka_toktom

XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынынайылдык Кеңешинин  XI   сессиясынын

ТОКТОМУ  №11/1

30.01. 2015-жыл                                                                               Эчки-Башы айылы

Жусуп  Иманалиев атындагы орто мектептин имаратынын  оңдоп куруу  иштер  тизмегине  өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

       Ж. Иманалиев  атындагы орто  мектебинин  имаратынын оңдоп-куруу жумуштары  башталгандан кийин өндүрүштүк  шартка  байланыштуу  баштапкы болжомго  (смета) жана  алгачкы кемтиктөө актысына кээ-бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Он-Арча айыл  аймагынын башчысы Болотбековдун  билдүүрүсүн угуп  жана талкуулап, XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык   Кеңештин XI  сессиясы

 токтом  кылат:

  1. Баштапкы болжомдо (смета) жана алгачкы кемтиктөө актысында орун алган   төмөнкү жумуштар тизмеги кажети жоктугуна байланыштуу  кыскартылсын:

      .Терезенин  пластик  такталарын (подоконник) орнотуу:

      .Терезелердин   ички   жантак-боорун   (откос)  шыбоо

      .Жылытуу  системасындагы   кажетсиз  тетиктерди  орнотуу :

2 .Кыскартылган  жумуштардын ордуна төмөнкү  иш тизмеги аткарылсын

      . Темир  пластик терезелерин  орнотуу :

      .От –казаны жайгашкан  бөлмөнү куруп  жасоо:

      . Кошумча электрказанбагын (электрокотел) орнотуу.

  1. Өзгөртүү наркы жалпы сметалык нарк чегинен ашпай жазалсын.

4.Кошумча жумуштардын бирдик баасы  аткаруучунун  (подрядчик) тооруктук     (аукцион)бирдик баасынан жогору  болбосун

Төрага:                                                                                         М.Босунов

Комментирование запрещено