08.10.2015-жыл Эчки-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча угуп жана талкуулап XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVI сессиясы токтом кылат:
1.Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2013-жылдан 31.12.2014- жылга чейинки финансылык чарбасын текшерүүдөгү,келтирилген кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча жана сарай ээлери менен эсептешип 311.6 мин сомду айыл өкмөттүн бюджетине өндүрүлсүн.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык адиси Асангазы кызы Назгүл жана Г.Койчумановага,жер адиси К.Турсуновго,жайыт комитети Т.Асанбековго тапшырылсын.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга (төр:Д.Турганбаев) айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго жүктөлсүн.
Төрага: М.Босунов.