11.12.2015-жыл Эчки-Башы айылы
Эчки-Башы,Оттук калктуу конушунун чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттимк администрациясынын 04.10.2012-жылдагы №211-б буйругун жана Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 14.09.2015-жылдагы №35-б буйруктарынын негизинде “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Он-Арча айыл өкмөтүнүн калктуу конушунун чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI шайланган ХVI I сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Он-Арча айылынын калктуу конушунун жалпы аянты 502,4 гектарды түзүп,калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.(чек аралардын баяндамасы тиркелет)
2. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Он-Арча айыл аймагынын калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана жерлерин инвентаризациялоо жумуштары жазалган материалдарына жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,токой чарба,суу чарба,жашылдандыруу көрктөндүрүү энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : М.Босунов.