XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясынын ТОКТОМУ № 4/2

shapka_toktom

XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин                         IV сессиясынын ТОКТОМУ  № 4/2

04.04.2013-ж                                                                                         Эчки-Башы айылы

Жайыт комитетинин 2013-жылга карата

малдарга баа бекитүү жөнүндө 

            XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясынында жайыт комитетинин эсепчиси С.Качкынбаевага 2013-жылга бодо мал 35(отуз беш) сомдон, майда жандыкка 7 (жети) сомдон,башка жактан келген бодо малдарга 70 (жетимиш) сомдон,кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон белгилене тургандыгын сессияга сунуш кылды.

Жогорудагыларды белгилеп  XXVI шайланган депутаттардын   Он-Арча айылдык Кенешинин IV сессиясы  токтом  кылат:

  1. Жайыт комитетинин бюджетине 2013-жылга бодо мал 35(отуз беш) сомдон,       майда жандыкка 7 (жети) сомдон,башка жактан келген бодо малдарга 75 (жетимиш  беш) сомдон,кой-эчкиге 15 (он беш) сомдон  жана  алынган  толго майда жандыкка 7( жети) сомдон бодо малдын толуно 17 (он жети) сомдон белгиленсин.
  1. Жайкы мал санактын жыйынтыгы менен белгиленген малдардын жайыт акыларын эсебин чыгарып, чогултуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Асанбековго, эсепчиси С.Качкынбаевага жүтөлсүн.

3.Жайыт комитетинин ишине көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Болотбековго тапшырылсын.

             Төрага:                                                                                     М.Босунов

Комментирование запрещено