XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/1

shapka_toktom

XXVI шайланган  депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин  V сессиясынын

ТОКТОМУ  № 5/1

05.08.2013-ж                                                                                 Эчки-Башы айылы

                                     Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн типтүү

                                 түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу №403 токтомун аткаруу максатында, Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүн башчысы С.Арпачиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясы    токтом  кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому аткарууга алынсын.

2.Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык  саны айыл калкынын 2 миңден 5 миңге чейин болгондуктан:

Айыл өкмөтүнүн башчысы          — 1 штат;

Жооптуу катчы                                — 1 штат;

Бөлүм башчы                                   — 1 штат;

Башкы адис                                      — 2 штат;

Жетектөөчү адис                              — 2 штат;

Адис                                                   — 1 штат.

Жыйынтыгы:                                          8 штат менен бекитилсин.

3..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому айыл өкмөтүндө иштеген  муниципалдык кызматчыларга тааныштыруу жагы айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы Ш.Жээнбаевага  тапшырылсын.

4.Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн  милдеттин аткаруучу  С.Арпачиевага жүктөлсүн.

 Төрага:                                                                                         М.Босунов.     

Комментирование запрещено