XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/2

shapka_toktom

XXVI шайланган  депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясынын

ТОКТОМУ № 5/2

28.08.2013-жыл.                                                                                  Эчки-Башы айылы

                    Он-Арча айылынын административдик аймагына жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мүлк салыгынын обьектилерин киргизүү жана Кз  зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын  2008-жылдын 17-октябрындагы  “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү”  №231  Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана  “Салык Кодексинин”  339 беренесинин 4  пунктунун негизинде,  Он-Арча айылынын административдик аймагында,Кыргыз Республикасынын  “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында,  XXVI шайланган  депутаттардын Он-Арча айылдык Кеңешинин V сессиясы   токтом   кылат :

1.1-январь  2014-жылдан баштап Он-Арча айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:

—   айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы,короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы,калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болобогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы;

—   1,2,3,4  тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы;

—   Кз зоналдык коэфициенти  1,0 өлчөмүндө бекитилсин;

2.Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:

—   жер салыгы жана 1,2,3,4  тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын  “Салык Кодексинин” негизинде.

3.Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.

4.Токтом  1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Он-Арча айыл аймактык өкмөтүнүн башчысы  М. Болотбековго тапшырылсын.

      Төрага :                                                                                                        М.Босунов.

Комментирование запрещено