XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/4

shapka_toktom

XXVI шайланган  депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин                         V сессиясынын  ТОКТОМУ № 5/4

04.09. 2013-жыл.                                                                                  Эчки-Башы айылы

Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө 

Он-Арча айыл аймагында спирт ичимдиктерин ичип алышып ар кандай кылмыштуулукка барып, үй-бүлөөсүнө карабаган жагдайлар болуп жаткандыктан, аймактагы дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салуу жөнүндөгү айыл тургундарынын  суроо -талабын канааттандыруу максатында  XXVI шайланган  депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  V сессиясы   токтом   кылат :

1.Он-Арча айыл аймагындагы дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндөгү айыл тургундарынын суроо-талабы канааттандырылсын.

2.Дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

3.Айыл тургундарынын  суроо- талабына  ылайык спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлерине  5000 сом айып пул  салынсын.

4.Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Болотбековго тапшырылсын.

    Төрага:                                                                                                       М.Босунов.

Комментирование запрещено