XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/8
04.09.2013-жыл. Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл өкмөтүнүн административтик имаратынын ичине С. Усупбековдун бурчун ачуу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын ичинен коомдук ишмер Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, маркум Усупбеков Садыктын Он- Арча айыл өкмөтүнүн ( мурунку Коммунизм колхозу) соцаилдык –экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымын эске алып, айылдык Кенештин XXVI шайланган Vсессиясы токтом кылат:
1.Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административтик имаратынын ичине коомдук ишмер Усупбеков Садыктын бурчу ачылсын.
2.Бул токтомду аткаруу жагы маркум С. Усупбековдун балдарына тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлдоөө жагы Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М Болотбековго жүктөлсүн.
Төрага: М.Босунов