XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Х сессиясынын ТОКТОМУ № 10/1
23.12.2014-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын 2014-жылдын бюджетиндеги акча каражатты жылдырып бекитип берүү жөнундө
Он-Арча айыл аймагынын 2014-жылга (ст 22321100) электр энергияга каралган акча каражаты,”Садык-Ата” балдар бакчасы 117600 сом, “Абдылда -Ата” балдар бакчасы 31800 сом, башкаруу аппараты 78600 сом, мектеп 33000 сом жана маданият үйү 9000 сом жалпысы 269900 сомду түзгөн.
2014-жылдын сентябрь айынан баштап “Садык-Ата” балдар бакчасы түрткү берүүчү гранттан имаратты капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Жыл аягына чейин бал бакчага балдар алынбай жылуулук системасы жана электр энергиясы иштетилбегендиктен 56700 сомго, башкаруу аппаратынан 2000 сомго, маданият үйүнөн 2100 сомго, “Абдылда-Ата” балдар бакчасынан 9700 сом, мектептен 12900 сом, жалпысынан 83400 сомго үнөмдөлгөн.
Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу С.Аропачиеванын электр энергиядан(ст22321100) үнөмдөлгөн жалпысы 83400 сомду башкаруу аппаратына (ст 22211200 Имарат менен жайларды учурда ондоо) жылдырып бекитип берүү өтүнүчүн карап жана талкуулап, XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Х сессиясы токтом кылат:
1.Үнөмдөлгөн 83400 сом айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (ст 22211200 Имарат менен жайларды учурда ондоо) жылдырылып, бекитилип берилсин.
2.Тиешелүү документтерди даярдап,токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына, туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын башкы эсепчисинин милдетин аткаруучу С.Арпачиевага милдеттендирилсин.
Төрага : М.Босунов