XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IXсессиясынын
ТОКТОМУ № 9/3
24.09. 2014-ж Эчки-Башы айылы
Оттук айылынын “Кампа” аймагындагы клуб, бала бакча, китепкана жайгашкан көчөгө Асылбеков Исмаилдин ысымын берүү жөнүндө
Уулу Ата Мекендик согуштун ветераны, 1922-жылы туулган ,айылдын экономикасына чон салым кошуп келген Оттук айылынын “Кампа” аймагындагы клуб, бала бакча,китепкана жайгашкан көчөгө Асылбеков Исмаилдин ысымын берүү жөнүндө Оттук айылынын “Кампа” аймагынын жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Ixсессиясы токтом кылат:
1.Оттук айылынын “Кампа” аймагындагы клуб, бала бакча,китепкана жайгашкан көчөгө Уулу Ата Мекендик согуштун ветераны, 1922-жылы туулган ,айылдын экономикасына чон салым кошуп келген Асылбеков Исмаилдин ысымын берилсин.
2.Көчөдөгү үйлөргө табличкаларды илүүгө, көчөнүн тазалыгын кармоону,ирээтке келтирүү жагы Асылбеков Айтыгул Исмаиловичке ташырылсын.
3.Асылбеков Исмаил атындагы көчөнү Нарын райондук жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктү каттоо башкармасынан, Нарын райондук статистика бөлүмүнөн каттоодон өткөрүү жагы Асылбеков Айтыгул Исмаиловичке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер,турак-жай ,коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис К.Турсуновго жүктөлсүн.
Төрага: М.Босунов