XXVI шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11/5
30.01. 2015-жыл. Эчки-Башы айылы
Эчки-Башы айылына жаңы ФАПтын курулушуна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Болотбеков айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылына жаңы ФАПтын курулушуна долбоор даярдалып донорлорго сунушталганын, ошого байланыштуу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө маселени чечип берүү жагы айтылды ,аны угуп жана талкуулап XXIV шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI cессиясы токтом кылат:
- Эчки-Башы айылына жаңы ФАПтын курулушуна долбоор даярдалып донорлорго сунушталганын, ошого байланыштуу жер аянтын Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган эски клубдун жер аянты 0,05га бөлүнүп берилсин .
- Токтомдун аткаруу жагын айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М. Болотбековго милдеттендирилсин.
Төрага: М.Босунов