27.07.2015-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы «Таш-Дөбө» «Боз-Бешик» участкасынын №1431 контурундагы айыл чарба категориясындагы жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,18 беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансфармациялоо) жөнүндөгү» №145
15-июль 2013-жылдагы мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 2014-жылдагы №169 жана 14-февраль 1998-жылдагы №66 токтомдоруна жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 10-июль 2013-жылдагы №175 аныктамасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын 9-июнь 2014-жылдагы актысына негиздеп, Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылынын тургундарын сапаттуу уюлдук түйүнүнүн байланышы менен камсыз кылуу максатында Он-Арча айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы №1431 контурдан 0,06га жер аянты айыл чарба категориясынан жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер балансасына өзгөртүүлөр киргизүүсү суралсын.
3. Которулган жер аянты Он-Арча айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы М.Болотбековго тапшырылсын.
Төрага: М.Босунов