XXVI ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН VI СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ № 6/1

shapka_toktom

          XXVI ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК  КЕНЕШТИН  VI СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ № 6/1

24.12.2013-жыл                                                                   Оттук  айылы

      Он-Арча айыл  аймагынын  айыл өкмөтүндөгү салыктардын чогултулушу, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана тейлөө мекемелердин 2013-жылдагы аткарып жаткан иштери жөнүндө

                 Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүндө салыктардын түрлөру боюнча аткарылып,жайыт акыларынын өз убагы менен чогултулбай жаткандыгын жана бюджеттин киреше бөлүгү сметага ылайык кечигүү менен аткарылып жаткандыгы жөнүндөXXVI  шайланган Он-Арча айылдык Кенешинин VI сессиясы токтом  кылат:

1.Он-Арча айыл өкмөтүндө салыктардын жыйымы  боюнча жайыт акылары  өз убагы менен жыйналбай жаткандыгы учун жайыт акыларын жыйноо жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Асанбековго тапшырылсын.

2.Бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда  сметада каралган акча каражаттарын кечиктирбестен тушуруп, аткаруу жагы айыл өкмөттүн бөлүм башчысы С.Арпачиевага милдеттендирилсин.

3.Тейлөө мекемелерден Оттук айлындагы “Садык-Ата”бала бакчасында ата-энелерден түшкөн төлөмду, өзүм билемдик менен  айыл өкмөтү менен байланышпай туруп 100 (жуз) сомго көтөрүп алгандыгы учун бакчанын башчысы Н.Түкөбековага  эскертүү берилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы  М.Болотбековго тапшырылсын.

Төрага:                                                                                      М.Босунов

Комментирование запрещено