XXVI ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН VI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ № 6/4
24.12.2013-жыл Оттук айылы
Эчки-Башы айылындагы Алкым, Көңдөй участкаларындагы кайрак 65 га жер аянттын суу баскан аянтка көтөруу жөнүндө
Он-Арча айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Т.Асанбековдун билдирүүсу боюнча Эчки-Башы айылындагы Алкым, Көңдөй участкаларында кайрак 65 га жер аянттын суу баскан аянтка көтөруу менен MSDSP( Ага Хан коомдук фондунун демилгеси) айылдагы жаш үй-бүлөөлөрдүн айдоо аянттарды иштетүү боюнча иштерди колго алуу максатында жөнүндө XXVI шайланган Он-Арча айылдык Кенешинин кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1.Эчки-Башы айылындагы Алкым,Көңдөй участкасындагы кайрак 65 га жер аянтын суу баскан аянтка (трансформациялоо жолу менен ) которулсун.
2.Бул жерди суу баскан аянтка которууга тиешелүү документтерин даярдап, өткөрүү жагы жер,турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис К.Турсуновго жүктөлсун.
Төрага: М.Босунов