XXVII шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
IХ кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 9/3
12-ноябрь 2017-жыл. Эчки-Башы айылы
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылынын
“Садык-Ата” бала бакчасынын тамак ашына бюджеттен акча каражатын
которуу жөнүндө.
Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылынын “Садык-Ата” бала бакчасынын тамак ашына бюджеттен акча каражатын которуу жөнүндө карап талкуулап XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз IХ сессиясы токтом кылат:
- Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылынын “Садык-Ата” бала бакчасынын тамак ашына бюджеттен 28 000 (жыйырма сегиз) миң сом акча каражаты которусун.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси С.Арпачиевага тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрагасы: М.Босунов