XXVII шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин X сессиясынын ТОКТОМУ №10/3
19.01.2018-жыл Эчки-Башы айылы
Он-Арча жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин жайыт
комитетинин жайыт акыларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө.
Он-Арча жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин жайыт комитетинин жайыт акыларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин X сессиясы токтом кылат:
- Бир жыл үчүн ички, ортоңку жана алыскы жайыттарга чыккан малдарга төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.
№ | жайыттар | Майда жандык
эчки, кой |
Бодо малдар уй жылкы | топоздор |
1 | Ички ортоңку | 10 | 50 | 75 |
2 | Сырттан келген малдар үчүн | 20 | 100 | 150 |
3 | Алыскы жайыт | 6 | 30 | 50 |
4 | Сырттан келген малдар үчүн | 20 | 100 | 150 |
- Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланган жайыттардын бир гектарына жайыт акысы 1 500 (бир миң беш жүз) сомдон бекитилсин.
- 2018-жылда Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу 28 604га жердин 20 000га жери пайдаланууга берилсин. Ал эми 8 604 га жери эс алууга калтырылсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Молдосалиевге, жайыт комитетинин төрагасы Т. Асанбековго тапшырылсын.
Төрага: М. Босунов
Жөнөтүлсүн иш кагаздарына, айыл өкмөтүнө, жайыт комитетине, Нарын рай ГНИге