XXVII шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин __IV__ сессиясынын
ТОКТОМУ №_4/6__
__28__ ___Март___ 2017-жыл. Эчки-Башы айылы
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин
6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын
базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү максатында Депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кещешинин __IV__ сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин
6 пунктуна ылайык 01.01.2017-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы сугат, кайрак жерлердин жер салыгы 2 эсеге көтөрүлсүн.
- Кз аймактык коэфициенти 1,0 эсебинде бекитилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттоодон өткөрүлүп,
onarcha.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Он-Арча айыл
аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевге тапшырылсын.
Он-Арча айыл аймагынын
айылдык Кенештин төрагасы: М.Босунов
Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарга, Нарын райондук салык башкармалыгына.