XXVII шайланган депуттаттардын Он- Арча айыл аймагынын айылдык Кенешинин Х сессиясынын ТОКТОМУ № 10/2
19.01. 2018-жыл. Эчки –Башы айылы.
Оттук айылына жаңы китепкананын курулушуна
жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Он- Арча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Молдосалиев айыл өкмөтүнүн Оттук айылына жаңы китепкананын курулушуна долбоор даярдалып донорлорго сунушталганын ошого байланыштуу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө маселени чечип берүү жагы айтылды. Аны угуп жана талкуулап XXVII шайланган депутаттардын Он- Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин X сессиясы токтом кылат:
- Оттук айылына жаңы китепкананын курулушуна долбоор даярдалып, донорго сунушталсын. Жаңы китепкананын курулушун курууга Он- Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Жээнбай Мамбеталиев атындагы клубдун күн батыш тарабынан, Садык Ата бала бакчасынын түштүк тарабынан, Асылбеков Исмаил көчөсүнүн боюнан 100м 2 жер аянты бөлүнүп берилсин
- Токтомду аткаруу жагын айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Молдосалиевге милдеттендирилсин.
Төрага: М. Босунов.
Иш кагаздарына, айыл өкмөтунө