XXVII ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН XIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ № 13/3

Шапка-токтом

 XXVII  ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК  КЕНЕШТИН   XIII СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ  №  13/3

4- апрель  2018-жыл                                                                                     Эчки-Башы айылы

 

19-январь 2018-жылдагы  XXVII  шайланган  Он- Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин X  сессиясынын токтомунун  2-пункктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Он-Арча айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин башчысы Асанбеков Талантбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын XXVII  шайланган  Он- Арча айылдык Кеңешинин  XIII  сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө ”мыйзамынын 6-беренеси, 10-беренелеринин негизинде  19.01. 2018-жылдагы   №10/5 токтомунун  2-пункктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жонүндо ”мыйзамынын 6-беренеси,

10-беренелеринин негизинде  19-январь 2018-жылдагы депутаттардын  XXVII  шайланган  Он- Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин X  сессиясынын №10/5 токтомунун  2-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.

  1. Мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланган жайыттардын   ар бир 1 гектарына 1000 сом, соода-сатык, кызмат көрсотүүгө 1000 сом, чабынды катары короо-сарайдын  жанынан пайдаланууга  500 сом, ички жайыттагы кайрак жерди пайдаланууга 300 сомдон  бекитилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Т Асанбековго жүктөлсүн.
  3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана Он Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсун.

 

 

 

Кеңештин төрагасы:                                                                                М.Босунов

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына, жайыт комитетине.

Добавить комментарий