XXVII ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ № 13/4
4- апрель 2018-жыл Эчки-Башы айылы
Жеке ветеринарлардын кызмат акысын бекитип берүү.
Жыл ичиндеги малдарды эмдөө учурунда жеке ветеринарлар менен айыл тургундарынын ортосундагы келишпестиктерди жоюу үчүн Он Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А Молдосалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын XXVII шайланган Он- Арча айылдык кеңештин XIII сессиясы токтом кылат:
- Жаз, күз мезгилдеринде майда жандыктарды МРС эмдөөгө 10 (он) сом, бодо малды КРСэмдөөдө 20 (жыйырма) сом кызмат акысы белгиленсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы жеке ветеринар Исмаилов Т жана К Мамбетовго жүктөлсүн.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана Он Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: М.Босунов
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына, Жеке ветеринарларга