XXVII ШАЙЛАНГАН ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН XIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ № 13/5
4- апрель 2018-жыл Эчки-Башы айылы
Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө.
Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Молдосалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын XXVII шайланган Он- Арча айылдык Кеңешинин XIII сессиясы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө ” мыйзамынын 2-главанын 5-беренесинин 8 п негизинде токтом кылат:
- Таза суунун тарифи Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө ” мыйзамынын 2-главанын 5-беренесинин 8 п негизинде бекитилсин.
- Он-Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Оттук, Эчки-Башы айылдарын-дагы ичүүчү таза суунун бир айлык төлөм акысы чорголордон ташып ичкен тургундарга 50 (элүү) сомдон, ал эми үйүнөн ичкендерге 100(жүз) сомдон бекитилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Он Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы агрардык экологиялык, жерге жайгаштыруу, турак жай жана социалдык, маданий, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: М.Босунов
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына